# Ача-Кайынды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-августундагы № II/III "Ача-Кайыңды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ача-Кайынды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-августундагы № II/III "Ача-Кайыңды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/3
- Дата принятия: 11.08.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.08.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/530203>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74211/edition/1124953/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.08.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ача-Кайынды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-августундагы № II/III "Ача-Кайыңды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү жөнүндө" токтому (ред. от 11.08.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/530203

---

АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы 2021-жылдын 11-августу № II/III Ача-Кайыңды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү жөнүндө Ача-Кайыңды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү боюнча айыл тургундарынын кайрылууларын карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл тургундарынын кайрылуулары канааттандырылып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтомунун негизинде Ача-Кайынды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берилсин.

2. Ача-Кайынды айыл тургундарына курулуш материал катары топурак алуу үчүн Ача-Кайынды айылынын Келте-Тумшук участкасынан 0,10га жер аянты 3жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.

3. Жер аянтын жеринде чектеп берүү жагы Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.

4. Бөлүнүп берилген жер аянтына талаптарды так сактоо менен иш жүргүзүү жагы Ача-Кайынды айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысына тапшырылсын.

5. Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

М.Мааткабылов
