# 2021-жылдын 03-июну № 2 Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170 +700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына өзгөртүүлөрү менен уруксаат берүү жөнүндө токтом

- Полное наименование: 2021-жылдын 03-июну № 2 Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170 +700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына өзгөртүүлөрү менен уруксаат берүү жөнүндө токтом
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 03.06.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.06.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/530194>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74203/edition/1124915/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.06.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: 2021-жылдын 03-июну № 2 Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170 +700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына өзгөртүүлөрү менен уруксаат берүү жөнүндө токтом (ред. от 03.06.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/530194

---

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (XXIX-чакырылышынын) кезексиз XXXVIII - сессиясы 2021-жылдын 03-июну № 2 Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170 +700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына өзгөртүүлөрү менен уруксаат берүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 4- пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “ Автомобиль жолдорун куруу реабилитациялоо жана реконструкциялоону инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу” жөнүндөгү 2004-жылдын 21-майындагы № 374 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун долбоорундагы Балыкчы Жалал-Абад жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынан Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтынан жол куруучуларга жарактуу материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга жер аянтын бөлүп берүү максатында токтом кылат :

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине Балыкчы Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун 170+700 км жолдун оң тарабынан узуну 1005 м, туурасы картада көрсөтүлгөн чектен чыкпоого бардыгы 6,124 га жер аянты жарактуу материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга 2 жыл 11 айлык мөөнөткө Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына убактылуу пайдаланууга уруксаат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги жана Биргелешип түзүлгөн мекеме (Совместное предприятия), “МОСТ- Групп Чайна Роуд энд Бридж” жол жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясына жерди пайдалануудабардык санитардык экологиялык нормаларды сактоосу жана долбоор бүткөндө рекультивациялоону угол-откосун чыгаруу иштерин аткаруусу камсыз кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. Алымкуловго милдеттендирилсин.

Төрага

У.Жунушалиев.
