Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170 +700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына өзгөртүүлөрү менен уруксаат берүү жөнүндө токтом
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (XXIX-чакырылышынын) кезексиз XXXVIII - сессиясы 2021-жылдын 03-июну № 2 Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170 +700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына өзгөртүүлөрү менен уруксаат берүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 4- пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “ Автомобиль жолдорун куруу реабилитациялоо жана реконструкциялоону инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу” жөнүндөгү 2004-жылдын 21-майындагы № 374 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун долбоорундагы Балыкчы Жалал-Абад жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынан Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтынан жол куруучуларга жарактуу материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга жер аянтын бөлүп берүү максатында токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине Балыкчы Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун 170+700 км жолдун оң тарабынан узуну 1005 м, туурасы картада көрсөтүлгөн чектен чыкпоого бардыгы 6,124 га жер аянты жарактуу материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга 2 жыл 11 айлык мөөнөткө Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт жер аянтына убактылуу пайдаланууга уруксаат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги жана Биргелешип түзүлгөн мекеме (Совместное предприятия), “МОСТ- Групп Чайна Роуд энд Бридж” жол жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясына жерди пайдалануудабардык санитардык экологиялык нормаларды сактоосу жана долбоор бүткөндө рекультивациялоону угол-откосун чыгаруу иштерин аткаруусу камсыз кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. Алымкуловго милдеттендирилсин.
Төрага
У.Жунушалиев.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 21 мая 2004 года №374 "О реализации инвестиционных проектов строительства, реабилитации и реконструкции автомобильных дорог в Кыргызской…Постановление · 21.05.2004 · № 374 · Утратил силу