Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каргалык айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу» токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын 2021-жылдын 26-майы № 20 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык Кеңеши жана Каргалык айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2. Каргалык айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюу жагы тапшырылсын.
3. Каргалык айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
5.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы
Т. Токтоболотов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · Утратил силу