Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2021 – жылдын 09 – февралынын №34/147 «Кызыл-Кыя шаарынын 2021-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 34-сессиясы
2021 – жылдын 09 – февралы №34/147 Кызыл-Кыя шаарынын 2021-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Күнтартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын январь айындагы №99 протоколу менен каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2021-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 132159,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2021-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркелет 1 барак).
3. 2021-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркелет 1 барак).
4. 2021-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүгүнүн акча каражаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркелет 1 барак).
5. Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2020-жылы каржыланбай калган кредитордук карыздары 2021-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
6. Шаардык кенештин 2018-жылдын 27-июнундагы №15/63-токтомунун негизинде “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесине Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан (ЕБРР) алынган насыяны кайтарууга 4000,0 мин сомду төлөө жагы милдеттендирилсин.
7. Шаардык бюджеттин 2021-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 6201,3 мин сом, анын ичинен бюджет 5573,4 мин сом, атайын каражат 627,9 мин сомду түзөт. Шаардын бюджетинин эркин калдыгы бюджет, финансы экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде каржылансын. Атайын каражаттан калган калдык балдар бакчасына 601,2 мин сом, Маданият бөлүмүнө 26,7 мин сом бөлүнүп берилсин. (№4 тиркеме).
8. Шаардын “Караван” аймактык башкармалыгына сунушталган 6 860,0 миӊ сомдук иш мерчемдерине кошумча 1 500,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп, “Караван” аймактык башкармалыгынын Активи 8 360,0 миӊ сом болуп бекитилсин. Шаардын муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылга Активи 16 590,6 миӊз өлчөмүндө өзгөртүүсүз бекитилсин.
9. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн имаратын учурдагы ремонттон өткөрүүгө 500,0 миӊ сом жана шаардын борбордук сейил багына түнкү жарыктандыруу, отургучтарды жана урналарды орнотуп көрктөндүрүүгө 300,0 миӊ сом акча каражатын таап бөлүп берүү жагы шаардын мэрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кызыл-Кыя башкармалыгынын башчысына милдеттендирилсин.
10. 2020-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2021-жылдын 09-февралындагы кезектеги 34 – сессиясынын №34/ 147 токтомуна №1-тиркеме
2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн контролдук суммасы
Элемент (8)
Жергиликтүү бюджет
Бекитилген контролдук сумма
Салыктардын аталышы
1
2
4
Кирешелер
139868,3
11111100
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
54940,0
11111200
Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы
552,0
11121100
Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык
11122100
Милдеттүү патенттин негизинде салык
2805,6
11122200
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык
27325,0
11123100
Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салык
11311100
Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык
14,6
11311200
2 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык
1000,0
11311300
3 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык
35,0
11312110
Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык
860,0
11312120
Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык
5851,0
11321100
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы
1291,1
11321200
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы
400,2
11321300
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы
6678,0
11412100
Сатуудан салык
9574,0
11442
Роялти
78,0
14
Салыктык эмес кирешелер
26835,8
14151100
Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн салык
100,0
14152110
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы
2170,8
14152200
Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы
485,0
14153200
Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы
2616,5
14221700
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым
205,0
14221800
Авто транспорт токтотуу үчүн жыйым
1251,5
14222200
Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым
Акы толонуучу кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр
20007,0
14311100
Административдик айыптар
14511200
Дагы башка салыктык эмес кирешелер
31111110
Батирлерди сатуу
31112190
Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу
314121
Айыл -чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан
1628,0
Трансферттер (гранттар)
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р.Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын бшчысы:
И. Жолдошов.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2021-жылдын 09-февралындагы кезектеги 34 – сессиясынын №34/ 147 токтомуна №2 тиркеме
Кызыл-Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бөлүнүшү.
мин сом.
Мазмуну
2020-жыл
Ч ы г а ш а л а р
Мин сом менен
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү
31772,9
- анын ичинде –Резервдик фонд
1300,0
Коргонуу
942,8
Коомдук тартипти сактоо
Экономикалык бөлүм
25712,0
Турак жай чарбасы
37540,2
- анын ичинде – “Тазалык” ммм
4200,0
Маданият
9908,8
- анын ичинде – Дене тарбия
3401,3
-атайын каражат
600,0
Билим берүү
31991,6
- анын ичинен атайын каражат
19207,0
Социалдык камсыздоо
2000,0
Чыгашалардын жыйынтыгы:
139868,3
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р. Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы:
И. Жолдошов.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2021-жылдын 09 - февралындагы кезектеги 34 – сессиясынын №34/ 147 токтомуна №3 тиркеме
Экономикалык бөлүкчөнүн бөлүнүшү.
Мекеменин аталышы
2021-ж. план
МЧС
Күтүлбөгөн кырдаалдарга
1200,0
Шаар боюнча
Кошумча гранттарга үлүш катарында
700,0
Мэрия
кварталдык комитеттерге женилдиктер
350,0
Мэрия
Ветерандар комитетине
200,0
Бюджеттик мекемелердин
Коммуналдык чыгымдарга ж.б. кошумча
500,0
Шаардык финансы башкармалыгы
Сапардама жана башка чыгымдар үчүн
100,0
Мэрия
Шаардын тургундарын мектеп окуучуларын ташууга транспорттук чыгым.
200,0
Мэрия
"Мезгил Жарчысы" гезитине
200,0
Мэрия
Шаардын взносу
53,0
Мэрия
Үлүштүк түрткү берүүчү грантка 6 долбоорго үлүш
9720,0
Мэрия
Сууканалдын ЕБРРден алган насыясын төлөөгө
14000,0
Кенеш
Шаардык стат бөлүмүнө мал каттоого
100,0
Мэрия, ММД, МТУ.
Шаардык стат бөлүмүнө жан каттоого
473,0
Баардыгы:
27796,0
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р.Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы:
И. Жолдошов.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2021-жылдын 09 - февралындагы кезектеги 34 – сессиясынын №34/ 147 токтомуна №4 тиркеме
2020-жылдын 1-январына болгон эркин калдыктын бөлүнүшү.
Бюджеттен калган эркин калдык 5573,4 мин сом.
Шаардык бюджеттик мекемелер
Шаардык кенештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун жана шаардын мэринин буйругунун негизинде
5573.4 – бюджеттик мекемелердин карызыга-128,0 м.с.
маданият бөлүмүнө -57,8 м.с. шаардын мэриясына-641,8 м.с. ММДга 1962,6 м.с. МП Тазалыкка-147,0 м.с. ММДнын 3111 статьясына-2636,2 м.с.
Атайын каражаттан калган 627,9 мин сом калдык
Шаардык билим беруу бөлүмү
Балдар бакчасынын тамак ашына карыздарын жабуу үчүн
601,2
Маданият бөлүмүнө
Карыздарын жабуу үчүн
26,7
Жалпысы:
627,9
Шаардык кенештин аппарат жетекчиси: Р.Абдукаюмов
Финансы башкармалыгынын башчысы:
И. Жолдошов.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 15/63 "Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин суу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 15/63
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу