# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2021 – жылдын 27 – июлундагы №4/6 "Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2021 – жылдын 27 – июлундагы №4/6 "Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/6
- Дата принятия: 27.01.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.07.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/520039>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73984/edition/1123211/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.07.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2021 – жылдын 27 – июлундагы №4/6 "Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө" токтому (ред. от 27.07.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/520039

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 4-сессиясы

2021 – жылдын 27 – июлу №4/6 Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009–жылдын 20–июлундагы №241 Мыйзамынын 27–28–беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009–жылдын 8–декабрындагы №743, 2010–жылдын 25–мартындагы №184 токтомдору менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын нормативдик–укуктук актылары жөнүндө» Жоболордун талаптарына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун жергиликтүү гезиттерге жарыялап, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013–жылдын 22–февралындагы №30 Мыйзамынын 1–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, статистикалык маалыматтар боюнча Кызыл–Кыя шаарынын аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаганын эске алып, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ кылат:

1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кенешинин төрагасы Ж.Калматовго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.

Төрайым

Ж. Калматов
