Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жергетал айылдык кеңешинин (Жергетал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө) токтому
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 26-февралы № 5 Жергетал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Жергетал айылдык кенешинин 7-чакырылыш кезектеги сесиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергетал айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жергетал айылдык аймактык Кеңешинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 10047,4 мин сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү боюнча 10047,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин 2021-жылга чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
5. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин бюджетинин 2021-жылга бюджеттин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү № 3 тиркеменин негизинде
белгиленип бекитилсин.
6. Жергетал айылдык аймактык Кеңештин 2021-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
7. 2020-жылга карата айылдык аймагы боюнча резервдик фонд 1% эсебинде түзүлсүн, чыгашанын аткарылышы боюнча козөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн. № 5 тиркеме түзүлсүн.
8. Жергетал айылдык аймактык Кеңештин 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору № 6 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин.
9. 2021-жылга атайын каражат счеттун киреше жана чыгаша болугунун 1100,0 мин сом акча каражаты кошумча атайын счеттон №7 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
10. Жергетал айыл аймагынын 7 чакырылыш кезексиз сесиясында кабыл алынган 2021 жылдын бюджетинин киреше чыгаша болугу 10047,4 мин сом олчомундо бекитилсин.
11. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү айылдык аймактык Кеңешинин «Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
12. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгү салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
13. Жергиликтүү салыктар
Жер салыктар:
- Юридикалык тараптан алынуучу салык сугат жерлерге 336,05 сом, кайракы жерлерге 52,0 сом, көп жылдык бак дарактарга 169,5 сом, жакынкы шалба 11,3 сом өлчөмүндө ар бир гектарга бекитилсин.
- Мүлк салыгы. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин. Кыймылдуу мүлккө салык салыктын бул түрүн менчик автотраспорттору жана айыл чарба техникалары бар жактар төлөөчү болуп эсептелет. Салык чегерүү объектиси жана өлчөмү КР Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
- Жалпы мамлекеттик салыктар. “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” КР Мыйзамынын негизинде Жергетал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыктын 85 пайыз өлчөмүндө түшүүсү, сатуудан салык 25 пайыз өлчөмүндө түшүүсү, ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык, милдеттүү патенттин негизинде алынуучу салык 100 пайыз өлчөмүндө түшүүсү белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин.
- Салыктык эмес кирешелер. Муниципалдык менчикте жана КБФ жерлеринин ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилсин. Жайыт пайдалануучу төлөм КР Бюджеттик кодексинин “Жайыттар жөнүндө мыйзамынын” ченемдерине ылайык бекитилсин.
14. Жергетал айылдык аймагынын Кенешинин 2021 –жылга бюджетинде каралган “Жумаалы уулу Бузурманкул” атындагы Наристе балдар бакчасынын боюнча атайын эсепттик ата энелер толому № 5 токтомунун негизинде 600,0 сом олчомундо бекилсин.
15. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда ар бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга, чейректен чейрекке жылдыруу жагы финансы болумунун башчысына Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.
16. 2020-жылдын киреше болугунун ашыкча аткарылган каражаты 2021 жылдын бюджетинин башкаруу жана башка болумунун айрым статьяларына кошумча 1398899 мин сом. Айыл аймактын каты менен киргизилсин жана №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Жергетал айыл өкмөтүнүн 14 штаттык бирдиги- анын ичинде: 1 штат кенже тейлөө кызматкери, 1 штат техникалык тейлөө кызматкери , 2 штат бирдиги аскердик каттоо столунун КР Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы №403 токтомунун жана кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде бекитилсин.
19. Жергетал айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу боюнча төлөмү КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомунун жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 19-ноябрындагы №436 протоколунун негизинде бекитилсин.
20. Жергетал айыл аймагынын 2021-жылга 8445,2 мин сом. 2021-жылга 10047,4 мин сом, 2022-жылга -8805,8 мин сом менен бекитилсин.
21. Талас райондук маданият бөлүмүнүн Талас райондук борборлоштурулган китепканасына караштуу Жергетал айылдык аймагынын алдындагы китепканасына 2 китепкана башчысы жана 1 клуб башчысы КРӨ 2019-жылдын 27-августундагы №429 токтомунун негизинде бекитилсин.
22. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жергетал айыл Кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Ж. Молдояров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 201 "Об утверждении актов в области общественного здравоохранения"Постановление · 11.04.2016 · № 201
- Постановление Правительства КР от 27 августа 2019 года № 429 "Об условиях оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 27.08.2019 · № 429
- Постановление Правительства КР от 7 августа 2017 года № 466 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об оценке деятельности и условиях оплаты…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Утратил силу