Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов айылдык кеңешинин «Кожо-Арык айылындагы Мамазияев атындагы ФАПтын капиталдык ремонтуна 137 800 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 33–сессиясы
2020-жылдын 1-декабры № 33-2 Кожо-Арык айылындагы Мамазияев атындагы ФАПтын капиталдык ремонтуна 137 800 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 20-беренесинин 6- пунктунун 4-бөлүмчөсүнө негиз, Кожо-Арык айылындагы Мамазияев атындагы ФАПтын капиталдык ремонтуна ООН женшин уюмунан япон долбоорунан грант утуп, айыл өкмөтү 137 800 сом акча каражатын бөлүп берүүжөнүндөгү маселе айылдык Кенештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында каралып, депутаттар таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы: ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын Кожо-Арык айылындагы Мамазияев атындагы ФАПтын капиталдык ремонтуна айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 137 800 сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 137 800 сом акча каражатын бөлүп берүү ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:
А.Топчубаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу