# Көк-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 3 "“Көк-Таш айыл өкмөтүнүн кошумча кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө"" токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 3 "“Көк-Таш айыл өкмөтүнүн кошумча кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө"" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 28.07.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.07.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/510179>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73707/edition/1128837/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.07.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 3 "“Көк-Таш айыл өкмөтүнүн кошумча кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө"" токтому (ред. от 28.07.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/510179

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 28-июлу № 3 “Көк-Таш айыл өкмөтүнүн кошумча кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” мыйзамы, 2012-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №603 токтому менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускама. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы 287-р буйругу менен бекитилген Мамлекеттие жана муниципалдык кызматтардын административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн кошумча кызматтарынын стандарттары: “Булак-Башы, Күлпек-Сай, Чоң-Сай, Орто-Суу, Жалгыз-Өрүк айылдарынан жатак мектепте окуган окуучуларга коомдук транспорт уюштуруу” (1-тиркеме); “Жакыр үй-бүлө, майптыгы бар атуулдарга жылына бир жолу райондун борборунан (МСЭК) медициналык комиссиядан өтүп келүүгө жол киресин төлөп берүү” (2-тиркеме); “Жакыр үй-бүлө, атуулдарга ооруп калган учурларда жылына бир жолу материалдык акча каражатынан жардам берүү” (3-тиркеме); “Аз-камсыз жакыр, майыптарга, кароосуз жагыз бой атуулдарга кышка карата көмүр менен камсыз кылуу” (4-тиркеме); “Баатыр энелерге, Авган, Чернобль, Баткен коогалаңынын ардагерлерине жылына бир жолу материалдык жардамдарды берүү” (5-тиркеме); “Жарым жана тоголок жетим балдарга жылына бир жолу жайкы жана кышкы кийимдер менен камсыз кылуу” (6- тиркеме); “Жакыр үй-бүлөдөн чыккан жөндөмдүү студент балдарга 1-жылда 1 бир жолу үйүнө келип кетүүдө жол киресин төлөп берүү” (7-тиркеме); “Мектепте үлгүлүү жакшы окуган жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына райондун борборуна АКСЕЛСке барып келүү чыгымдарын төлөп берүү” (8-тиркеме); “АКСЕЛСтен жогорку бал алууга жетишкен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын контрактык негизде окутуу жана жылына студенттин контрагын төлөп берүү” (9-тиркеме); “Таланттуу балдарды спорттук мелдештерге жана окуу олимпиадаларына катышуу үчүн сапар чыгымдарын төлөп берүү” (10-тиркеме); “Кургак учук менен ооруган жарандарга облус аймагында дарыланууга барууда жол киресин төлөп берүү(11-тиркеме) тиркемелерге ылайык бекитилсин;

2. Аталган токтом тиркемелери менен Ала-Бука райондук маамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

Б.Нышанов
