# Кароол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-июнундагы № 30/2 "Кароол айыл аймагынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жана баасын аныктоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кароол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-июнундагы № 30/2 "Кароол айыл аймагынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жана баасын аныктоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30/2
- Дата принятия: 24.06.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.06.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/50882>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5660/edition/776694/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.06.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кароол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-июнундагы № 30/2 "Кароол айыл аймагынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жана баасын аныктоо жөнүндө" токтому (ред. от 24.06.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/50882

---

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз 30- сессиясы

2016-жылдын 24-июну № 30/2 Кароол айыл аймагынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жана баасын аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесине таянып Кароол айыл аймагынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүү жана баасын аныктоо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515-токтомуна ылайык Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 30-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515-токтомуна ылайык мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жайыт жерлерин фермерлер үчүн спорт аянтасыны жеңил курулуштарды курууга 0,10 га жер аянтын убактылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Ааталган курулушту курууга уруксат берүү боюнча Мыйзам чегинде иш алып бару жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери » боюнча туруктуу комиссиясына ( Анаркулов Т.) жүктөлсүн.

Төрага

А. Акматалиев
