# Өзгөн шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы № 23/9 "Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кочкаров Кутлугбек Кабулжановичтин мандатын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Өзгөн шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы № 23/9 "Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кочкаров Кутлугбек Кабулжановичтин мандатын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23/9
- Дата принятия: 30.03.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.03.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/50806>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5598/edition/774183/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.03.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өзгөн шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы № 23/9 "Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кочкаров Кутлугбек Кабулжановичтин мандатын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 30.03.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/50806

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясынын отуруму

2016-жылдын 30-марты № 23/9 Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кочкаров Кутлугбек Кабулжановичтин мандатын бекитүү жөнүндө Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу» 2015-жылдын 16-декабрындагы №197 токтомунун негизинде, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-декабрындагы №197 токтомунун 2-тиркемесине ылайык «Ар-Намыс» саясий партиясынан Кочкаров Кутлугбек Кабулжанович Өзгөн шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын жана анын депутаттык мандаты бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-декабрындагы №197 токтомунун 1-тиркемесине ылайык «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Пратов Саипжон Махаматкабыловичтин Өзгөн шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.

3. Жаңы шайланган депутат Кочкаров Кутлугбек Кабулжанович Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Насиров
