Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Казыбек айылдык кеңешинин «»Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Казыбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2018-жылдын 10-августу №5 «Казыбек-Жеткинчек» балдар бакчасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315 Токтомдун 6-беренесине ылайык Казыбек айылындагы «Казыбек - Жеткинчек» балдар-бакчасынын терезелерин алмаштыруу жана башка ремонт иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Казыбек - Жеткинчек» балдар- бакчасынын эскирген жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу жана ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 54273 (элүү төрт миң эки жүз жетимиш үч) сом бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп, керектүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бухгалтери Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Тѳрага
Д. Кайыпов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.