# Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.3 "Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.3 "Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12.3
- Дата принятия: 04.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/502758>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73324/edition/944606/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Капчыгай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы №12.3 "Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 04.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/502758

---

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Капчыгай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы

2019-жылдын 04-февралы №12.3 Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Турганбаев Акундун атын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо,алардын атын өзгөртүү,географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы Терек-Суу орто мектебине Акун Турганбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча Терек-Суу айылынын 01.02.2019-жылдагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечимине жана «Терек-Суу» орто мектебинин 27-ноябрь 2018-жылдагы өтүлгөн кесиптик бирликтин чогулушунун протоколунун чечимине ылайык Капчыгай айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы «Терек-Суу» орто мектебине Акун Турганбаевдин ысмын ыйгаруу боюнча Терек-Суу айылынын 01.02.2019-жылдагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечими жана «Терек-Суу» орто мектебинин 27-ноябрь 2018-жылдагы өтүлгөн кесиптик бирликтин чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.

2. «Терек-Суу» орто мектебине Терек-Суу айылынын тургуну Акун Турганбаевдин аты ыйгарылсын жана Терек-Суу айылындагы Акун Турганбаев атындагы «Терек-Суу» орто мектеби деп аталсын.

3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министрлигинен суралсын.

Тѳрайымы

П.Сайдилканова
