# Көк-Таш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 11-февралындагы №14 "Көк-Таш айылдык аймагындагы Чоң-Сай, Булак-Башы чек ара постторуна каражат кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 11-февралындагы №14 "Көк-Таш айылдык аймагындагы Чоң-Сай, Булак-Башы чек ара постторуна каражат кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14
- Дата принятия: 11.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/502671>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-73237/edition/942124/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 11-февралындагы №14 "Көк-Таш айылдык аймагындагы Чоң-Сай, Булак-Башы чек ара постторуна каражат кароо жөнүндө" токтому (ред. от 11.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/502671

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2019-жылдын 11-февралы №14 Көк-Таш айылдык аймагындагы Чоң-Сай, Булак-Башы чек ара постторуна каражат кароо жөнүндө

Орто-Суу чек ара заставасынын башчысы капитан Д.Жакыпбек уулунун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186-токтомунун негизинде, айылдык аймакта жайгашкан Орто-Суу чек ара заставасына караштуу Чоң-Сай жана Булак-Башы чек ара постторундагы чек арачылардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.

Тѳрага

Н.Жакыев
