Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Таш айылдык кеӊешинин «Көк-Таш айылдык аймагындагы Чоң-Сай, Булак-Башы чек ара постторуна каражат кароо жөнүндө» токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2019-жылдын 11-февралы №14 Көк-Таш айылдык аймагындагы Чоң-Сай, Булак-Башы чек ара постторуна каражат кароо жөнүндө
Орто-Суу чек ара заставасынын башчысы капитан Д.Жакыпбек уулунун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186-токтомунун негизинде, айылдык аймакта жайгашкан Орто-Суу чек ара заставасына караштуу Чоң-Сай жана Булак-Башы чек ара постторундагы чек арачылардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Тѳрага
Н.Жакыев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.