Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Көк-Таш айылдык кеӊешинин «Ала-Бука райондук архивине каражат кароо жөнүндө» токтому
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2019-жылдын 11-февралы №8 Ала-Бука райондук архивине каражат кароо жөнүндө
Ала-Бука райондук архивинин башчысы Т.Дуулатованын 14.12.2018-жылдагы № 01-28/67 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук мамлекеттик архивдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, архив ишин жакшыртуу тууралуу КР Өкмөтүнүн 29.04.2002-жылдагы №264 токтомун аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом каражат ажыратып, материалдык колдоо көрсөтүүгө макулдук берилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Тѳрага
Н.Жакыев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.