# Миң-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 07-декабрындагы №5 "Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Миң-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 07-декабрындагы №5 "Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 07.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/502408>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72974/edition/936721/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Миң-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 07-декабрындагы №5 "Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 07.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/502408

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХ сессиясы

2018-жылдын 07-декабры №5 Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” №131 токтомунун 5-пунктун жетекчиликке алып, айыл өкмөт кызматкерлеринин ишине дем берүү максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен эмгек акы төлөө фондусунан үнөмдөлгөн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты айыл өкмөт кызматкерлерине дем берүүчү төлөөлөргө жумшалсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөлсүн.

Тѳрага

Т.Койчубаев
