# Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-9 "Таштак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-9 "Таштак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11-9
- Дата принятия: 30.01.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.01.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/502358>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72924/edition/935545/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.01.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-9 "Таштак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 30.01.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/502358

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги XI сессиясы

2019-жылдын 30-январы №11-9 Таштак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Таштак айылынын түндүк-батыш тарабындагы жаңы ички көчөгө эмгек ардагери маркум Сыргабаев Алмаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 10-январь 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таштак айылынын түндүк тарабындагы чыгыштан батышты көздөй кеткен ички көчөгө Сыргабаев Алмаматтын ысымы ыйгарылсын.

2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Сыргабаев Алмамат атындагы көчө деп аталсын.

3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Тѳрага

А.Маканбаев
