# Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-8 "Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-8 "Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11-8
- Дата принятия: 30.01.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.01.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/502357>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72923/edition/935543/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.01.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-8 "Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 30.01.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/502357

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги XI сессиясы

2019-жылдын 30-январы №11-8 Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Кызыл-Сеңир айылынын түндүк-батыш тарабындагы ГЭС каналдын жээгиндеги аты жок ички көчөгө эмгек ардагери маркум Молдокалов Маткасымдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 25-ноябрь 2018-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Сеңир айылынын түндүк-батыш тарабындагы чыгыштан батышты көздөй кеткен ички көчөгө Молдокалов Маткасымдын ысымы ыйгарылсын.

2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Молдокалов Маткасым атындагы көчө деп аталсын.

3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Тѳрага

А.Маканбаев
