Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин «Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги XI сессиясы
2019-жылдын 30-январы №11-8 Кызыл-Сеңир айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Кызыл-Сеңир айылынын түндүк-батыш тарабындагы ГЭС каналдын жээгиндеги аты жок ички көчөгө эмгек ардагери маркум Молдокалов Маткасымдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 25-ноябрь 2018-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылынын түндүк-батыш тарабындагы чыгыштан батышты көздөй кеткен ички көчөгө Молдокалов Маткасымдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Молдокалов Маткасым атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага
А.Маканбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67
- Закон «О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 18.07.2014 · № 144
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу