Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын, 2020-2021-жылдардын долбоорлорун бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги XI сессиясы
2019-жылдын 30-январы №11-1 Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын, 2020-2021-жылдардын долбоорлорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгашаларын, жайыт комитетинин киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин долбоорун кароо жонундо айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылда айыл өкмөтүнүн трансферттер менен кошулуп кирешелери жана чыгашаларынын көлөмү 29719,8 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен бюджеттик каражат 14083,5 миң сомго, теңдөө грант эсебинен 12566,3 сомго, атайын каражат 3070,0 сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүүдө тендөө грантынын божомолу 2020-жылга 11550,4 миң сом эсебинде, жергиликтүү бюджет 15035,0 мин сомго, 2021-жылга тендөө грантынын божомолу 11120,9 мин сомго, жергиликтүү бюджет 15265,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
3. Теңдөө грантынын көлөмү 12566,3 миң сом өлчөмүндө бөлүмдөр жана беренелер боюнча чыгымдар бекитилсин жана биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди каржылоого (эл.энергия төлөмү, көмүр сатып алуу, эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүгө) багытталсын.
4. Атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
5. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрү боюнча 3000,0 миң сом балдардын тамак-ашына багытталсын, казыналык система аркылуу пайдаланылсын жана жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак-ашына 1650,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
6. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана үлүш жерлерден өндүрүлүүчү салыктарды өз убагында өндүрүү жагын камсыздоо өкмөт башчысына, айыл башчыларга жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. Орто-Азия айылындагы балдар бакчасын курулушуна айыл өкмөт салымы үчүн 685,0 миң сом, Талаа-Булак айылына бала бакча ачуу үчүн имараттын ремонт иштерине 2000,0 миң сом, Достук балдар бакчасына видео байкооч коюу үчүн 55,0 миң сом жана жылытуу системасына меш алуу үчүн 25,0 миң сом бөлүнсүн. Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин долбоорлору үчүн 150,0 миң сом, мектеп бала бакчаларга учурдагы ремонту үчүн 240,0 миң сом, бала бакчалардын ар түрдүү чыгымдарына 80,0 миң сом, “Алтын-уя” бала бакчасына ижара акысына 60,0 миң сом бөлүнсүн. Спорт мектебинде, айылдарда спорт оюндарын жана улуттук оюндарды өткөрүп туруу үчүн 480,0 миң сом, бала бакча, мектептерге жабдууларды алуу үчүн 205,0 миң сом каралсын.
8. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн 250,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын, эгин талааларындагы арыктарды тартуу үчүн 340,0 миң сом жана башка түрдүү чыгымдар болуп бардыгы 1993,0 миң сом, сел каналдарды казуу үчүн 150,0 миң сом, ички каналдарды тартуу үчүн 200,0 миң сом, ички жолдорду оңдоо иштери үчүн 200,0 миң сом, айылдарда жаңы түшкөн көчөлөргө электр зымдарын тартуу үчүн бетон таянычтарын алууга 2050,0 миң сом, Орто-Азия, Мундуз айылдарынын тратуарына асфальт төшөө үчүн 500,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөтүндө майрамдарды, белгилүү күндөрдү жана уюштуруу иштери үчүн 892,0 миң сом бөлүнсүн, айыл өкмөттүн имаратынын айланасын тосууга жана ремонт иштерине 350,0 миң сом, эмеректерди, компьютерлерди алуу үчүн 142,0 миң сом, кенсе жана чарба товарларын алуу үчүн 170,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана айыл өкмөтүндө айылдар алыс жайгашкандыгын эске алып, айыл өкмөт башчысынын орун басарына жана башкы соц адиси долбоорлор, мектептер менен иштөө үчүн өзүнүн жеке менчик автоунаасын айыл өкмөтүнүн жумуштарына пайдалангандыгы үчүн КР Өкмөтүнүн 18-сентябрь 2006-жылдагы №672 токтомунун негизинде күйүүчү май үчүн компенсация төлөп берилсин.
11. Өкмөт башчысына, өкмөттүн орун басарына, айылдык кеңешке сапар чыгымдарына жана маршуруттук жол кирээ чыгымдары үчүн 150,0 миң сом бекитилсин.
12. Аппарат бөлүмүнө электрондук системага өткөндүгүнө байланыштуу интернет төлөмү үчүн 30,0 миң сом, мектептер, райондор, айыл башчылар менен байланышып туруу үчүн айыл өкмөт башчысына 500 сом, орун басарына 500 сом, ФЭБ бөлүм башчысына 500 сом, айылдык кеңештин төрагасына 500 сомдон уюлдук телефон чыгымдарына айына төлөп берилсин.
13. Маданият бөлүмүндө жыл ичинде конкурстарды өткөрүү үчүн 70,0 миң сом, утурумдук ремонт иштери үчүн 25,0 миң сом, маданият үйүнө түрткү берүүчү грант аркылуу жабдуу алууга айыл өкмөттүн салымы үчүн 180,0 миң сом бөлүнсүн.
14. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыяларга, ата энеси жок балдарга жардам берүү үчүн 920,0 миң сом каралсын.
15. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 260,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
16. КР Өкмөтүнүн 20.06.2018-жыл №208-б буйругуна ылайык электр энергиясы үчүн 2019-жылга айыл өкмөтүнөн электр энергияга бөлүнгөн 1490,0 миң сом 606300 кВт лимит бекитилсин, лимит сактоо мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана лимит сакталсын.
17. Айыл өкмөт аймагындагы жылытуу системасы көмүр отун менен иштөөчү мектеп, бала бакчаларга, көмүр алуу үчүн 640,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
18. КР Өкмөтүнүн 31-январь 2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде маданият кызматкерлерин 7 штат бирдиги кармалсын жана иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр менен айлык акылары 513,6 миң сом, социалдык фонд чегерүүсүнө 88,4 миң сом эсебинде №12- тиркеменин негизинде бекитилсин.
19. Башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акысы КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде штат бирдиктери №13-тиркемеге ылайык бекитилсин, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде 7620,1 миң сомго айлык акыларына, соц.фонд чегерүүсүнө 1126,7 миң сом эсебинде бекитилсин.
20. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын №52 беренесине ылайык айыл өкмөтүндө 17 айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана КР Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2019-жылга чыгашалары 604,0 миң сомго бекитилсин. Жайыт жерлерди ижарага берүүдө келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана социалдык фонд төлөмүн ижарачы өзү төлөөрү келишимде көрсөтүлсүн, жайыт жолдорун, көпүрөлөрүн оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 40,0 миң сом акча каражаты кошумча бөлүнсүн.
22. Жыл ичинде пландык көрсөткүчтөрдөн кошумча жыйналган кирешелер КОБК ылайык пайдаланылсын.
23. КР 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун негизинде жергиликтүү кеңештин төрагасына сессияларды өткөрүү үчүн жумуш күнүнө айыл өкмөтүнүн эсебинен компенсация төлөп берүү жагы каралсын.
24. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүүгө айылдык кеңештин сессиясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
25. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына, айыл өкмөт башчысына, финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
26. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага
А.Маканбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 5
Ссылается на (4)
- Постановление Правительства КР от 15 сентября 2014 года № 530 "О делегировании отдельных нормотворческих полномочий Правительства Кыргызской Республики ряду государственных…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 7 августа 2017 года № 466 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об оценке деятельности и условиях оплаты…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу
Связанные документы (5)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 18 сентября 2006 года № 672 "О нормах компенсации за использование личных легковых автомобилей для служебных поездок"Постановление · 18.09.2006 · № 672
- РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 20 июня 2018 года N 208-р (Об утверждении годовых лимитов потребления электрической, тепловой энергии и природного газа для собственного…Распоряжение · 20.06.2018 · № 208-б
- Закон «О местном самоуправлении и местной государственной администрации»Закон · 12.01.2002 · № 5 · Утратил силу
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 31 января 2012 года №66 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах оплаты труда…Постановление · 31.01.2012 · № 66 · Утратил силу