# Бел-Алды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 31-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Бел-Алды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 31-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 31.01.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/502236>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72803/edition/932684/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бел-Алды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 31-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому (ред. от 31.01.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/502236

---

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХI сессиясы

2019-жылдын 31-январы №6 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”

Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.

2. КР Финансы министирлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24- ноябрындагы № 192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын ФЭБ башчысы Ж. Сартовага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел-Алды айыл аймагынын экономист-статисти Н. Жолдошовага милдеттендирилсин.

4. Бул токтом сайтка жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Тѳрага

Ж.Боромбаев
