# Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 20-февралындагы №121 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 20-февралындагы №121 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 121
- Дата принятия: 20.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/502178>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72745/edition/933866/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 20-февралындагы №121 "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 20.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/502178

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы

2019-жылдын 20-февралы №121 Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,” Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн акча каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Тѳрага

Э.Сагынбеков
