Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясы
2019-жылдын 05-февралы №2 Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына 3 кызматтык (нөөмөттүк) автоунаа каралган жана 10 жылдан ашык убакыт пайдаланган автоунааларды сатып алууга тыюу салынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна бир автоунаа сатып алууга жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 750,0 (жети жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга акча каражатын Мыйзам талаптарына ылайык каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Тѳрага
Ж.Ботоканов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Утратил силу