Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясы
2019-жылдын 5-февралы №1 Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
(Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин пункттарында «Муниципалдык менчикке өткөрүп берүүчү мамлекеттик менчик объекттерин кабыл алуу жергиликтүү Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт» деп көрсөтүлгөн. Бирок Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган турак жайдын курулуш иштери толук кандуу бүтпөгөндүгүнө байланыштуу депутаттардын талкуусунан кийин, маселе сессияга катышкан депутаттардын жалпы колдоосуна ээ болбогондуктан Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 3 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Мыйзамсыз кирип алган жарандардын жана мамлекеттик кабыл алуу актысынын мыйзамдуу жагын тактоо максатында сессияга катышкан депутаттардын атынан шаардык прокуратурага кат жөнөтүлсүн.
3. Комиссиянын курамын кайра карап чыгуу, кызыктар тараптарды комиссиянын курамынан чыгаруу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын турак жайы, жери жок экендигин тастыктаган иш кагаздарын, кезекке туруу боюнча тизмесин тактоо, ирээтке келтирүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.
Тѳрага
Ж.Ботоканов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37