# Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 04-декабрындагы №91 "Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 55 “Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 04-декабрындагы №91 "Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 55 “Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 91
- Дата принятия: 04.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501967>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72536/edition/930307/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 04-декабрындагы №91 "Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 55 “Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 04.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/501967

---

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XХV сессиясы

2018-жылдын 04-декабры №91 Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 55 “Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 59 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 7-пунктунун экинчи абзацына (комиссия курамы жөнүндө) өзгөртүү киргизилген жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 36-беренесинин 4-пунтуна ылайык Кадамжай шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 55 “Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.

Тѳрага

А. Абдраимов
