# Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы №24/11 "1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсундун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы №24/11 "1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсундун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24/11
- Дата принятия: 19.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501792>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72361/edition/929956/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы №24/11 "1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсундун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому (ред. от 19.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/501792

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXIV отуруму

2018-жылдын 19-декабры №24/11 1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсундун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, 1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсунга көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айылынын тургуну Эрмекбаев Бектурсунга өзүнүн огородуна туташ жерден убактылуу 5 жылдык мөөнөткө, 0,06га жер аянты көрктөндүрүү үчүн чектелип берилсин. Эгер эки жыл ичинде өздөштүрүлүп, көрктөндүрүлбөсө чектелип берилген жерди алып коюу жагы каралсын.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.

Тѳрага

Т.Маназаров
