# Долоно айылдык кеңешинин 2018-жылдын 04-октябрындагы №24 токтому

- Полное наименование: Долоно айылдык кеңешинин 2018-жылдын 04-октябрындагы №24 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24
- Дата принятия: 04.10.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.10.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501773>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-72342/edition/929918/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.10.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Долоно айылдык кеңешинин 2018-жылдын 04-октябрындагы №24 токтому (ред. от 04.10.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/501773

---

ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Долоно айылдык кеңешинин чакырылышынын сессиясы

2018-жылдын 04-октябры №24 Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланган Жарлыгына жана Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 03-октябрындагы №01-21/1183 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339 беренесинин, 4 болугунун негизинде жер салыгын зоналдык коэффициентин кабыл алуу боюнча карап чыгып Долоно айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Долоно айыл аймагы боюнча жер салыгынын зоналдык коэффициенти 1ге барабар болсун.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ж.Рыскуловко жүктөлсүн.

Тѳрага

Б.Кошоев
