# Токтогул шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27- апрелиндеги № 82 "Токтогул шаарындагы мал союлуучу жайлар боюнча" токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27- апрелиндеги № 82 "Токтогул шаарындагы мал союлуучу жайлар боюнча" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 82
- Дата принятия: 27.04.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.04.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/50159>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5487/edition/769967/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.04.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27- апрелиндеги № 82 "Токтогул шаарындагы мал союлуучу жайлар боюнча" токтому (ред. от 27.04.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/50159

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

2016-жылдын 27- апрели № 82 Токтогул шаарындагы мал союлуучу жайлар боюнча Токтогул шаардык кеңешине шаардын Даңканай жана Топбаза кичи районунун жашоочуларынын атынан мал союлуучу жайлардын мыйзам талаптарына жооп бербей жаткандыгы боюнча арыздар катталып, “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча”туруктуу комиссиянын кароосуна берилген. Жогорудагы маселе боюнча аталган туруктуу комиссия тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуусунун натыйжасында, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Токтогул райондук башкармасынын 04.04.2016-жылдагы № 40 корутундусу алынган. Бул корутундунун негизинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 20-апрелинде № 106 буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, Токтогул шаарында жайгашкан “Суусар”, Топбаза кичирайонундагы (заготконтора) мал союлуучу жай жана “Абелл” мал союлуучу жайлары мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсү боюнча текшерүүгө алынды. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.06.2015-жылдагы токтомунун жана “Ветеринария” боюнча мыйзамынын талаптарына жана жогорудагы комиссиянын чечимине ылайык маселени карап, иликтөө боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун жана башка депутаттардын шаарда санитардык жана эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо боюнча сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагы комиссиянын чечимине ылайык:

- “Суусар” мал союлуучу жайды иштетүүгө убактылуу уруксат берилгендиги белгиленсин жана ал жерде ветеринардык –санитардык эрежелеринин сакталышын жакшыртуу боюнча тынымсыз иш аракеттерди жүргүзүү менчик ээси М.Болпокеевага тапшырылсын;

- Топбаза кичирайонундагы (заготконторадагы) мал союлуучу жайы жана “Абелл” мал союлуучу жайы мыйзамдын талаптарына ылайык келбей тургандыгы белгиленсин;

2. Шаар аймагында мал союлуучу жайлардын мыйзамдын талаптарына ылайык иштөөсүн өз компетенциясынын чегинде катуу көзөмөлгө алуу менен иш жүргүзүү Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы А.Сапаркуловага жана райондук ооруларды алдын алуу жана малекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Д.Курбаналиевге тапшырылсын.

3. Токтогул шаарында ветеринардык жана санитардык эрежелердин баардык талаптарына жооп берүүчү башка мал союлуучу жай ачуу боюнча жеке ишкерлер менен алып баруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана экология жана санитардык абал боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

Төрага

К. Дербишев
