Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
С. Юсупова айылдык кеңешинин «Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекеме уюштурууга макулдук сурап жазган кайрылуусу жөнүндө» токтому
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 25-сессиясы
2016-жылдын 19-сентябры № 25-20 Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекеме уюштурууга макулдук сурап жазган кайрылуусу жөнүндө Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке жеке менчик “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекеме уюштурууга макулдук сурап жазган кайрылуусун карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын 31.12.2008-жылдагы “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамынын 10, 13-беренелерин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке жеке менчик “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекеме уюштурууга макулдук берилсин.
2. Юлдашев Хабибулло Сатвалдиевичке жеке менчик “Абу Бакр” атындагы дүйнөлүк жана диний билим берүүчү мекемени мамлекеттик юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, укук-тартип жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б. Маннанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике»Закон · 31.12.2008 · № 282 · Утратил силу