# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-январындагы № 1-5 "Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-январындагы № 1-5 "Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1-5
- Дата принятия: 09.01.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.01.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501256>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71828/edition/924418/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.01.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-январындагы № 1-5 "Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому (ред. от 09.01.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/501256

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясы

2017-жылдын 09-январы № 1-5 Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негизинде сессия ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Алимбековго жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Чукетаевге милдеттендирилсин.

Тѳрага

Мамыралы у Б.
