# Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №90 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №90 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 90
- Дата принятия: 21.11.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.11.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501239>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71811/edition/922084/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.11.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №90 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 21.11.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/501239

---

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бердике баатыр айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 21-ноябры №90 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2018-жылдын 10-январындагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №2 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планынын 1 пунктуна жана 2018-2022 –жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатын Концепциясынын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 29-мартындагы 107-р номурлуу буйругуна ылайык айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү програмаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бирдиктүү ыкманы жана усулдук колдоону камсыздоо максатында Бердике баатыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Усулдук колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүу программаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Шаарлардын жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону” жетекчиликке алуу жагы сунушталсын.

3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Борбашовго жүктөлсүн.

Тѳрага

М.О. Исаков
