# Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №89 "Бердике баатыр айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №89 "Бердике баатыр айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 89
- Дата принятия: 21.11.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.11.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501238>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71810/edition/922082/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.11.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бердике баатыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы №89 "Бердике баатыр айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 21.11.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/501238

---

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Бердике баатыр айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 21-ноябры №89 Бердике баатыр айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, аброюн жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык таратптар менен өз ара мамилелериндеги жана өз алдынча чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобонун 6-пунктун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Бердике баатыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин этикалык кодексине ылайык иштелип чыккан Бердике баатыр айылдык кеңешинин депутаттарынын этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду көзөмелгө алып аткаруу жагын езүме калтырамын.

Тѳрага

М.О. Исаков
