# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №26 "Кара-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №26 "Кара-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26
- Дата принятия: 15.11.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.11.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501127>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71699/edition/918722/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.11.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №26 "Кара-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 15.11.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/501127

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы

2018-жылдын 15-ноябры №26 Кара-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Типтүү жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана мунуиципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана мунуиципалдык кызматтарды уюштурууну жакшыртуу, кызматтарды алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, калкка кызматтарды кыска мөөнөттө, бир жерде алуунун камсыздоо максатында, Депутаттардын Кара-Суу айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Типтүү жобосу бекитилсин.

2. “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин типтүү формасы бекитилсин.

3. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

Тѳрага

Эсенкул уулу Памир
