# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №22 "Кара-Суу айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №22 "Кара-Суу айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22
- Дата принятия: 15.11.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.11.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501123>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71695/edition/918714/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.11.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-ноябрындагы №22 "Кара-Суу айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 15.11.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/501123

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы

2018-жылдын 15-ноябры №22 Кара-Суу айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Депутаттардын Кара-Суу айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылдык кеңешинин аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

Тѳрага

Эсенкул уулу Памир
