# Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №24 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №24 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24
- Дата принятия: 03.08.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.08.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501076>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71648/edition/918404/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.08.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №24 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 03.08.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/501076

---

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жергетал айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

2018-жылдын 03-августу №24 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2018-жылдын 10-январындагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №2 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планынын 1 пунктуна жана 2018-2022 –жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатын Концепциясынын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 29-мартындагы 107-р номурлуу буйругуна ылайык айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү програмаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бирдиктүү ыкманы жана усулдук колдоону камсыздоо максатында Жергетал айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергетал айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмо жетекчиликке алынсын

2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары Усулдук колдонмонун негизинде иштелип чыгып бекитилсин.

3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж. Молдояров
