# Маймак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы №1 "Маймак айылына таза суу берүү системаларын куруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Маймак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы №1 "Маймак айылына таза суу берүү системаларын куруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 31.03.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.03.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/501033>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71606/edition/917632/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.03.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Маймак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы №1 "Маймак айылына таза суу берүү системаларын куруу жөнүндө" токтому (ред. от 31.03.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/501033

---

МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Маймак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

2017-жылдын 31-марты №1 Маймак айылына таза суу берүү системаларын куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизин карап Талас өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Маймак айылынын тургундарынын 2017-жылдын 15-мартындагы жалпы чогулушунун чечиминин негизинде максаттуу жумшоо багытында Маймак айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Маймак айылына жаңыдан таза суу берүү системасын толугу менен орнотуу үчүн скважина, хлоратор, резервуар курууга уруксат берилсин

2. Жогоруудагы аталган курулуштарды куруу үчүн Талас облусундагы өнүктүрүү фондунан жалпы сметалык баасы 2,725035 сом акча каражаты суралсын.

3. 2017-жылдын 15 мартындагы Маймак айыл тургундарынын жыйынынын негизинде Маймак айылына таза суу киргизүү үчүн төмөнкү курамдагы демилгелүү топ бекитилсин.

1. Абдраимов Нарбек –топтун төрагасы

2. Нусубалиева Бурулкан Береновна -мүчө

3. Кудайбергенов Джусупбек - мүчө

4. Атчабарова Сулухан - мүчө

5. Ташибекова Айнагуль -мүчө

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кенешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясына тапшырылсын.

5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Абдраимовго тапшырылсын.

Тѳрага

Д. Кудайбергенов
