# Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №10/1 "Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №10/1 "Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10/1
- Дата принятия: 26.12.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.12.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/500786>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71360/edition/917018/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.12.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №10/1 "Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.12.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/500786

---

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2017-жылдын 26-декабры №10/1 Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө

«Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Ресапубликасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2018-жылга 14355,3 миң сом , анын ичинен атайын каражаттар 1816,0 миң сом , 2019-жылга жана 2020-жылга бекитилсин.

2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жайыт жеринин бюджети киреше бөлүгү 230,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 154,0 миң сомго жана башка транспорт каражаттарын сатып алуу үчүн 700,0 сом акча каражаты Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинен бекитилсин .

3. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аппарата иштеген кызматкеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-август № 451 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 26, анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү-адис коэфциентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 3 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.

4. 2018-жылга бекитилген бюджети аткарууда Жаңы-Арык айылдык окуругу жыл ичинде ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага бюджетке өзгөртүүлөрдү,толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

Ж.Осумбеков
