# Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №2 "Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХVI сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзгөн мониторинги жана билим берүү тармагындагы айрым кемчиликтер жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №2 "Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХVI сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзгөн мониторинги жана билим берүү тармагындагы айрым кемчиликтер жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 31.10.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.10.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/500746>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71320/edition/911761/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.10.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №2 "Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХVI сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзгөн мониторинги жана билим берүү тармагындагы айрым кемчиликтер жөнүндө" токтому (ред. от 31.10.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/500746

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 31-октябры №2 Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХVI сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзгөн мониторинги жана билим берүү тармагындагы айрым кемчиликтер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы менен берилген маалыматы жана сессиянын жүрүшүндө айтылган кемчиликтер эске алынсын.

2. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы 2018-жылдын 28-майындагы кезектеги ХVI сессиясынын “Нарын шаарындагы мектептерде жана окуу жайларда дене тарбия сабагынын өткөрүлүшү жана шаардык спорт мектептеринин алып барып жаткан иштери жөнүндө” №1 токтомунун 2-4-6-7-пунктарынын аткарылбагандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы №81-Мыйзамына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин токтому менен бекиген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссиясынын иш алып барбагандыгы, атайын банктык эсептер ачылбагандыгы жана шаардагы №8-А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебиндеги мектеп фонду үчүн ата энелерден акча каражаттарынын мыйзамсыз чогулткандыгын эске алуу менен укуктук баа берилсин.

4. Мектеп директорлорун алмаштыруу жана кызмат абалдарын кароо боюнча бирдиктүү иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясы менен Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө таршырылсын.

5. Шаардын мектептеринде билим сапатын төмөндөтүп жибергендиги, токтомду аткарууда көңүл кош мамиле жазагандыгы жана өзү тейлеген тармактын ишин солгундатып жибергендиги боюнча шаардын вице-мэри С.Эсенаманованын жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Мамбетовдун кызмат абалдарын карап көрүү жагы Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын жана токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 1-декабрына чейин Нарын шаардык Кеңешине маалымат берсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж. Ботоканов
