Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХVI сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзгөн мониторинги жана билим берүү тармагындагы айрым кемчиликтер жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 31-октябры №2 Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХVI сессиясынын №1 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзгөн мониторинги жана билим берүү тармагындагы айрым кемчиликтер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы менен берилген маалыматы жана сессиянын жүрүшүндө айтылган кемчиликтер эске алынсын.
2. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы 2018-жылдын 28-майындагы кезектеги ХVI сессиясынын “Нарын шаарындагы мектептерде жана окуу жайларда дене тарбия сабагынын өткөрүлүшү жана шаардык спорт мектептеринин алып барып жаткан иштери жөнүндө” №1 токтомунун 2-4-6-7-пунктарынын аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы №81-Мыйзамына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин токтому менен бекиген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссиясынын иш алып барбагандыгы, атайын банктык эсептер ачылбагандыгы жана шаардагы №8-А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебиндеги мектеп фонду үчүн ата энелерден акча каражаттарынын мыйзамсыз чогулткандыгын эске алуу менен укуктук баа берилсин.
4. Мектеп директорлорун алмаштыруу жана кызмат абалдарын кароо боюнча бирдиктүү иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясы менен Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө таршырылсын.
5. Шаардын мектептеринде билим сапатын төмөндөтүп жибергендиги, токтомду аткарууда көңүл кош мамиле жазагандыгы жана өзү тейлеген тармактын ишин солгундатып жибергендиги боюнча шаардын вице-мэри С.Эсенаманованын жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Мамбетовдун кызмат абалдарын карап көрүү жагы Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын жана токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын 1-декабрына чейин Нарын шаардык Кеңешине маалымат берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага
Ж. Ботоканов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (1)
- Закон «О попечительском совете»Закон · 30.05.2014 · № 81
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-майындагы № 1 "Нарын шаарындагы мектептерде жана окуу жайларда дене тарбия сабагынын өткөрүлүшү жана шаардык спорт мектептеринин алып барып…Постановление · 28.05.2018 · № 1
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу