# Орозбеков айылдык кеңешинин 2013-жылдын 29-мартындагы №3/2б "Орозбеков айылдык кенешинин 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2013-жылга айыл округунун аймагындагы социалдык обьектилерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик түрткү берүүчү грантка даярдалган проектилерди колдоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Орозбеков айылдык кеңешинин 2013-жылдын 29-мартындагы №3/2б "Орозбеков айылдык кенешинин 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2013-жылга айыл округунун аймагындагы социалдык обьектилерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик түрткү берүүчү грантка даярдалган проектилерди колдоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3/2б
- Дата принятия: 29.03.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.03.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/500470>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71044/edition/910486/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.03.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Орозбеков айылдык кеңешинин 2013-жылдын 29-мартындагы №3/2б "Орозбеков айылдык кенешинин 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2013-жылга айыл округунун аймагындагы социалдык обьектилерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик түрткү берүүчү грантка даярдалган проектилерди колдоо жөнүндө" токтому (ред. от 29.03.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/500470

---

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

2013-жылдын 29-марты №3/2б Орозбеков айылдык кенешинин 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2013-жылга айыл округунун аймагындагы социалдык обьектилерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик түрткү берүүчү грантка даярдалган проектилерди колдоо жөнүндө

Орозбеков айыл Округунун экономика жана каржы болүмүнун башчысы-башкы эсепчи А. Алиевдин, Орозбеков айыл Округунун 2013-жылга бюджета «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орозбеков айыл Округунун аймагындагы социалдык обьектилерди Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грант менен каржыланып жаткан проектилерге, «Кулду орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү» учун айыл округдун өздүк салымы катарында 87900 мин сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.

2. 2013-жылгы бюджеттин чыгаша бөлүгунун ар турдуу чыгымдар статьясына толук расчеттору менен бекитилсин.

3. Финансы экономика каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Алиевке бюджетке тийиштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.

4. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмунөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

М. Эргешов
