# Таш-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы №05 "Таш-Булак айылы 20-июль 2018-ж. "Жаны-Арал айылынын көчөсүнө Омаралиев Калынын атын коюу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы №05 "Таш-Булак айылы 20-июль 2018-ж. "Жаны-Арал айылынын көчөсүнө Омаралиев Калынын атын коюу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 05
- Дата принятия: 20.07.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.07.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/500429>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-71003/edition/910404/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.07.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы №05 "Таш-Булак айылы 20-июль 2018-ж. "Жаны-Арал айылынын көчөсүнө Омаралиев Калынын атын коюу жөнүндө" токтому (ред. от 20.07.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/500429

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Таш-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIV сессиясы

2018-жылдын 20-июлу №05 Таш-Булак айылы 20-июль 2018-ж. “Жаны-Арал айылынын көчөсүнө Омаралиев Калынын атын коюу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Арал айылынын тургундарынын 2018-жылдын 15-июнунда өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XIV- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо,алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Жаны-Арал айылынын көчөсүнө Омаралиев Калынын аты ыйгарылсын.

2. Омаралиев Калынын атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

Шермат уулу Алмаз
