# Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 26-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январь 2017-жылдагы №10 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 26-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январь 2017-жылдагы №10 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 26.01.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.01.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/50031>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5383/edition/766112/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.01.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 26-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январь 2017-жылдагы №10 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому (ред. от 26.01.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/50031

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин IVчакырылыштагы кезектеги II сессиясы

2017-жылдын 26-январы № 1 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 14-январь 2017-жылдагы №10 токтомуна ылайык Нарын шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 14-январындагы №10 токтомуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 53-54-главаларына ылайык Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнүн угуп Нарын шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын мэрин жашыруун добуш берүү жолу менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1,№2 протоколдору бекитилсин.

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын №1,№2 протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен сессияга катышкан 31 депутаттан 22 депутаттын добушун алган талапкер Алымкулов Эмилбек Абдыраимович Нарын шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.

Төрага

Ж. Ботоканов
