Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин «Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын координатору Султанов Жалалидинге “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу №34/128 Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын координатору Султанов Жалалидинге “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, “КСДП” фракциясынын 2015–жылдын 6–августундагы №1 жыйынынын протоколун, Ж.Султановдун “Жургунчүлөрдү ташуучу автоунаа мекемеси” акционердик коомунда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келе жатканын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын Уставынын XXI бөлүмүнүн 116–жана 117–беренелерине ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын координатору Султанов Жалалидинге “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын координатору Султанов Жалалидинге “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүктү, төш белгини жана куттуктоо катын тапшыруу Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Маткалыковго жүктөлсүн.
Тѳрага
А. Маткалыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Лесной кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 08.07.1999 · № 66