# Жошолу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 30/3 "Айылдык маданият үйүнө сырттан келген чыгармачыл-концерттик топторго концерттик залды кино-концерт коюу учурунда ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жошолу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 30/3 "Айылдык маданият үйүнө сырттан келген чыгармачыл-концерттик топторго концерттик залды кино-концерт коюу учурунда ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30/3
- Дата принятия: 17.05.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.05.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/50010>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-5371/edition/765647/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.05.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жошолу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 30/3 "Айылдык маданият үйүнө сырттан келген чыгармачыл-концерттик топторго концерттик залды кино-концерт коюу учурунда ижарага берүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.05.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/50010

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXX заседаниеси

2016-жылдын 17-майы № 30/3 Айылдык маданият үйүнө сырттан келген чыгармачыл-концерттик топторго концерттик залды кино-концерт коюу учурунда ижарага берүү жөнүндө Айылдык маданият үйүнө сырттан келип, кино-концерт коюучу чыгармачыл топторго концерттик залды ижарага берүү жөнүндө маданият үйүнүн башчысы А.Бакаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 редакциясына ылайык Жошолу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 редакциясына ылайык Жошолу айылдык маданият үйүнө сырттан келип кино-концерт коюучу чыгармачыл топтор айыл өкмөтү менен келишим түзүүнүн негизинде иш алып барышсын.

2. Афиша илүү үчүн келген концерттик топтор айыл өкмөтү менен келишим түзүп, белгиленген акча каражатын айыл өкмөтүнүн “атайын каражат” эсебине төгүп, квитанция берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо маданият үйүнүн башчысы А.Бакаевага жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Иманахунов
