# Чаувай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 18-мартындагы №2/8 "Чаувай жоопкерчилиги чектелген Коомунун Башкы директору О. К . Ботобаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чаувай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 18-мартындагы №2/8 "Чаувай жоопкерчилиги чектелген Коомунун Башкы директору О. К . Ботобаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/8
- Дата принятия: 18.03.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.03.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/500014>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70589/edition/904741/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.03.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чаувай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 18-мартындагы №2/8 "Чаувай жоопкерчилиги чектелген Коомунун Башкы директору О. К . Ботобаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 18.03.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/500014

---

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Чаувай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2013-жылдын 18-марты №2/8 Чаувай жоопкерчилиги чектелген Коомунун Башкы директору О. К . Ботобаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө

Чаувай айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги экинчи сессиясы күн тартибиндеги 8-маселе «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомунун башкы директору О.К.Ботобаевдин кайрылуусу боюнча маселени депутаттар толугу менен талкуулап, «Жер мыйзамы», «Кен байлыктар» жөнүндөгү мыйзамынын чегинде,ошону менен бирге кенге иштөөгө жергиликтүү элдин тургундарын тартуу,социалдык маселелерди, жол,суу,оорукана , билим берүү тармактарына бала-бакча маселелерин чечүүгө жардам берүү жагы каралып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаувай айылдык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомуна Чаувай айылында Кен казып, Кенди иштетүүгө уруксат берилсин.

2. «Чаувай –Кен»жоопкерчилиги чектелген Коомуна Чаувай айылындагы кен казып алуу үчүн суралган жер өнөр жай категориясына өткөрүлсүн.

Тѳрага

У. Хаджимуратов
