# Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 12-февралындагы № 141 "Ак Суу Суу ИСКАКБ»сынын тарифин бекитип берүүжөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 12-февралындагы № 141 "Ак Суу Суу ИСКАКБ»сынын тарифин бекитип берүүжөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 141
- Дата принятия: 12.02.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.02.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/490052>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70557/edition/1088226/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.02.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 12-февралындагы № 141 "Ак Суу Суу ИСКАКБ»сынын тарифин бекитип берүүжөнүндө" токтому (ред. от 12.02.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/490052

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы 2020-жылдын 12-февралы № 141 Ак Суу Суу ИСКАКБ»сынын тарифин бекитип берүүжөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү админстрациялар жөнүндө” 2008-жылдын 29-майындагы “ 99 мыйзамынын 18,27 беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу 2009-жылдын 20-июлундагы “ 240 Мыйзамынын 21-статьясынын2- бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу чарбакер субьектердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобону” жана “Ак-Суу-Суу ИСКАКБсынын сунушун, ал сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Баткен аймактык бөлүмү тарабынан макулдашылгандыгын алып”

А.Гафировтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак Суу Суу ИСКАКБсынын ичүүчү сууну керектелүүчүлөрүнө бир айына 1 м. куб сууга 6,67 х 1,20 = 8 сомдон бекитилсин.

2. Үйүнүн ичине киргизгендерге айына 150 сомдон жана үйүнө таза ичүүчу сууну киргизүүүчүн 6000 сом, ал эми кочодон ичкендерге жан башына 8 сомдон болуп бекитилсин.

3. Мекеме уюмдарга келишимдин негизинде мектеп жана бала бакчаларга 5 сомдон ар бир окуучуга белгиленсин.

4. Токтом аткарылышын камсыздоо жана суу керектелүүчүлөргө кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүү Ак-Суу-Суу ИСКАКБсынын башчысы А.Гапировго жүктөлсүн.

Төрага

А. Саматов
