Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезексиз 31-сессиясы
2020-жылдын 1-октябры № 31/134 Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2019-жылдын 05-ноябрындагы № 121 Мыйзамына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы №01-8/2131 катын эске алып, Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жүйөлүү себептер менен чыгып кеткен мүчөлөрдүн ордуна жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча материалдар менен таанышып чыгып, аймактык шайлоо комиссиясынын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү максатында, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн сапаттык курамдагы талапкерлер жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына сунушталсын (Сапаттык курам тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2020-жылдын 01-октябрындагы кезексиз XXXI сессиясынын №31/134 токтомуна №1 тиркеме
Баткен областынын Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин САПАТТЫК КУРАМЫ
№
Ф.И.О
Число, месяц, год рождения
Билими
Улуту
Жы нысы
Иштеген жери, ээлеген кызматы
Ким тарабынан көрсөтүлдү
Дареги, уюлдук тел.
1.
Цой Вера Ирьевна
28.11.1950
Атайын орто
Кореянка
аял
Пенсионерка
ЖӨБ өкүлчүлүктүү органынан
Кызыл-Кыя ш. Кыргызстандын 60 жылдыгы көч., 24
2.
Мусурманкулов Байыш
04.12.1988
Жогорку
Кыргыз
эркек
Шаардын ММД, адис
ЖӨБ өкүлчүлүктүү органынан
Кызыл-Кыя ш. Ирадан көч., 39
3.
Акматова Замирахан Кадыровна
24.09.1975
Жогорку
Кыргыз
аял
МЦ “С.Калматов”, Админис тратор
ЖӨБ өкүлчүлүктүү органынан
Кызыл-Кыя ш. Ирадан көч., 8
Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин аппаратынын жетекчиси
Р. Абдукаюмов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 05.11.2019 · № 121
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу