# Курманбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Курманбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 15.09.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.09.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/482149>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70445/edition/1045968/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.09.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Курманбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 15.09.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/482149

---

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2020-жылдын 15-сентябры № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-1, 10-беренелерине ылайык, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөТИПТҮҮ ЖОБОну жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн акы, мал жаюуга пайдалануу үчүн каралган акыга барабар өлчөмдө бекитилсин.

2. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим түзүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

3. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимге, берилүүчү жер участогунун чек арасы жана аянты көрсөтүлгөн пландык-картографиялык материал тиркелсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ч.Тайгараев
