Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл- Өзгөрүш айылдык кеңешинин «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн өкүл шайлоо жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
2020-жылдын 1-июлу № 230 Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынынЖазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн өкүл шайлоо жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” жобосунун 6-беренесине ылайык Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө”Жобосунун 6-беренесине ылайык атайын эсептин Байкоочу кеӊешинин бекитилген мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 01.06.2020-жылдагы №891 катынын негизинде Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн өкүлүнө айылдык кеӊештин 12 депутатынын добушу менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан “Мол Булак” финансы компаниясынын адиси Кубат уулу Эрмек шайлансын .
2. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы
К.Байсопуев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.